Жалал-Абад Эл аралык Университетинин Академиялык Кеңеши
Жалал-Абад Эл аралык Университетинин (ЖАЭУ) Окумуштуулар кенеши — университеттин эң жогорку коллегиалдык башкаруу органы болуп саналат, ал мекеменин билим берүү, илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүгүнө стратегиялык жетекчилик кылат.
Академиялык кеңешке ректор (төрага), илимий иштер боюнча проректор (орун басары), проректорлор, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, алдыңкы окутуучулар, илимпоздор жана студенттердин өкүлдөрү кирет. Кеңеш Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына жана университеттин Уставына ылайык иштейт.
Академиялык кеңештин негизги милдеттери:
-университеттин өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
-билим берүү программаларын жана изилдөө пландарын бекитүү;
-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын карап чыгып, аларды окуу процессине киргизүү; - илимий жана окутуу-изилдөө кызматкерлерин даярдоо боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- эл аралык кызматташтыкты жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү;
- билим берүү жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртууга байланыштуу маселелерди карап чыгуу.Академиялык кеңештин жыйналыштарында университеттин ишмердүүлүгүнө тиешелүү негизги маселелер каралат, анын ичинде стратегиялык пландоо, билим берүү программаларын аккредитациялоо, изилдөө инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле кызматкерлер менен студенттер арасында илимий-изилдөө жана инновацияны илгерилетүү маселелери жана башкалар.
Академиялык кеңеш университеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоодо жана жакшыртууда маанилүү роль ойнойт