Жалал-Абад эл аралык университети (ЖАЭУ) юрист кызмат ордуна (1 штаттык бирдик, толук ставка) талапкерлерди чакырат.
- Жогорку юридикалык билим.
- Юридикалык адистик боюнча иш тажрыйбасы.
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жакшы билүү.
- Келишимдерди, буйруктарды жана башка укуктук документтерди даярдоо жана укуктук экспертизадан өткөрүү боюнча тажрыйба.
- Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана иш кагаздарын жүргүзүү көндүмдөрү.
- Жоопкерчилик, сабаттуулук жана кесиптик компетенттүүлүк.
Тапшырылуучу документтер:
- Резюме (CV).
- Жогорку юридикалык билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү.
- Адистиги боюнча иш тажрыйбасын тастыктаган документтер.
- Өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү.
- Кесиптик квалификациясын тастыктаган кошумча документтер (бар болсо).
Документтерди тапшыруу жана кошумча маалымат алуу үчүн ЖАЭУнун Укуктук иштер жана адам ресурстары бөлүмүнө кайрылыңыздар.