Гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасы
Гуманитардык жана табигый дисциплиналар
кафедрасынын башчысы,
филология илимдеринин кандидаты, доцент
Калмуратова Айша Орозбаевна
Манас шаары, Островский көчөсү 137
E-mail: aisha-kalmuratova@mail.ru
Түзүлүшү жана калыптанышы
2024-жылы Жалал-Абад Эл аралык университетинде медициналык факультет ачылып, 2024-жылдын 26-августундагы Учредителдик кеңештин №2 протоколуна ылайык анын курамына эки кафедра киргизилген: жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасы жана гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасы.
Гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасы студенттерге гуманитардык жана табигый багыттар боюнча фундаменталдык билим берүү максатында түзүлгөн.
Түзүлгөн күндөн тартып кафедра университеттин маанилүү окуу-илимий бөлүмдөрүнүн бири болуп, философия, тарых, тилдер, биология, химия, физика сыяктуу багыттар боюнча адистерди бириктирип келет.
Кафедраны техника илимдеринин кандидаты, доцент Асилова Зульфия Атамырзаевна жетектеп, кафедранын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн пайдубалын түзүп, бирдиктүү коллективди калыптандырып, билим берүү жана методикалык иштердин негизги векторлорун аныктаган.
Кафедра 710100 – «Информатика жана эсептөө техникасы» багыты боюнча «Маалыматты иштетүү жана башкаруунун автоматташтырылган системалары» профилинде адистерди (бакалавр) даярдайт.
Бүгүнкү күндө кафедра динамикалуу өнүгүп жаткан илимий-окутуучу бөлүм болуп саналат. Кафедрада философия, тарых, мамлекеттик жана расмий тил, англис тили, биология, химия, физика жана башка дисциплиналар окутулат.
Студенттерге сапаттуу билим берүү максатында кафедранын бардык аудиториялары LED-экрандар жана проекторлор менен камсыздалып, эки компьютердик аудитория даярдалган. Материалдык-техникалык база 98% деңгээлде камсыз болгон.
Илимий даражасы бар профессордук-окутуучулук курамы
| № | Аты-жөнү | Илимий даражасы жана наамы | Диссертация темасы, адистиги | Коргоо жылы | Илимий жетекчиси |
|---|---|---|---|---|---|
| 1. | Калмуратова Айша Орозбаевна | Филология илимдеринин кандидаты, доцент | Служебдүү сөздөрдүн дискурстагы функциялары | 2009 | Филология илимдеринин доктору, проф. Кыдыралиев Ж.К. |
| 2. | Нарбаев Мирсадык Рахимбердиевич | Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент | Туруктуулукту жоготууда сингулярдуу бузулган теңдемелердеги чектеш катмарлар | 2010 | Ф.-м. илимдеринин доктору, проф. Алыбаев К.С. |
| 3 | Асилова Зульфия Атамырзаевна | Техника илимдеринин кандидаты, доцент | Жер астындагы суулардын көчкү жаралышына тийгизген таасирин баалоо (Кугарт дарыясынын бассейни мисалында) | 2010 | Ф.-м. илимдеринин доктору, проф. Усенов К.Ж. |
| 4 | Канетова Динара Эменовна | Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент | Мейкиндиктер менен топтордогу бирдей түзүлүштөр | 2021 | Ф.-м. илимдеринин доктору, проф., КР УИА академиги Борубаев А. |
| 5 | Орозбаева Жылдызкан Мариповна | Биология илимдеринин кандидаты, доцент | “Калий селенитантиманилтартратынын биологиялык активдүүлүгүн изилдөө” (03.03.01 – Физиология, 03.01.04 – Биохимия адистиги) | 2009 | Химия илимдеринин доктору, проф. Аденов Ж.А.; Биология илимдеринин доктору, проф. Собуров К.А. |
Кафедранын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери
Кафедранын коллективи тажрыйбалуу окутуучуларды жана жаш илимпоздорду бириктирип, билим берүү жана илимий долбоорлорго активдүү катышып келет. Филология илимдеринин кандидаты, доцент Айша Орозбаевна Калмуратова 2009-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Окутуучулар Н.Т. Аккулуева, И.Ж. Атыбаева, М.У. Азимова жана А.А. Шерипбаева сырттан окуу формасында аспирантурада билим алып, илимий иштерин коргоого даярдоодо.
Учурда кафедрада жалпы 21 окутуучу эмгектенет, алардын ичинен:
14 — штаттык,
7 — айкалыштырган.
Кафедранын илимий даражалары жана наамдары төмөнкүчө:
• 1 филология илимдеринин кандидаты, доцент
• 2 физика-математика илимдеринин кандидаттары
• 1 техника илимдеринин кандидаты, доцент
• 1 биология илимдеринин кандидаты, доцент
• 4 улук окутуучу
• 8 окутуучу
• 2 кенже окутуучу
• 1 лаборант
Окутуучулар сабак берүү менен гана чектелбей, чет өлкөлөрдө стажировкалардан өтүп, кесиптик жана илимий деңгээлин жогорулатып келишет. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы илимий журналдарда активдүү жарыяланат, окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгат жана ар кандай деңгээлдеги конференцияларга катышат. Алар тарабынан 20дан ашуун окуу-методикалык колдонмо, 30дан ашуун методикалык жетекчилик, 100гө жакын илимий макала жарык көргөн.
Асилова Зульфия Атамырзаевна доктордук диссертациясы үстүндө иштеп жатат: “Жогорку тоолуу кен орундарын өздөштүрүүдө геотехникалык системалардын геомеханикалык негиздемеси”. Илимий кеңешчи: ф.-м. илимдеринин доктору, проф. Усенов К.Ж.
Канетова Динара Эменовнанын доктордук диссертациясынын темасы: “Бирдей топологиянын айрым маселелери”, 01.01.04 адистиги — Топология жана геометрия. Илимий кеңешчи: ф.-м. илимдеринин доктору, проф., КР УИА академиги Борубаев А.А.
Окуу-методикалык жана уюштуруучулук ишмердүүлүк
Улук окутуучулар К.А. Усу балиева жана Н.Т. Аккулуева тарабынан ачык сабактар өткөрүлгөн.
Кафедранын тарбиялык жана уюштуруучулук иштери студенттик өз алдынчалуулукту өнүктүрүүгө жана окуу-тарбия процессин активдештирүүгө багытталган.
Окуу жана илимий иштерден тышкары студенттердин кызыгуусун жогорулатуу максатында ар кандай кружоктор уюштурулган:
• физикалык тарбия боюнча — «Кыл Мерген» (жебе атуу кружогу);
• тил дисциплиналар боюнча — «Бара-бара», «Мен кыргыз тилин үйрөнөм»;
• тарых боюнча — «Кыргызстандын тарыхый жерлерине саякат».
23-сентябрда Мамлекеттик (кыргыз) тил күнү белгиленди. Иш-чара «Кыргыз тили — Алатаунун чокуларындай бийик бол!» аттуу концерттик программа катары уюштурулду.
26.09.2025 — Өзбекстандын Андижан облусунан келген “Aylim” билим берүү мекемесинин делегациясын тосуу аземи өттү.
5-октябрь 2023үндө Дүйнөлүк Мугалимдер күнү белгиленип, кафедра тарабынан уюштурулган иш-чара жана майрамдык кечки тамак жогору бааланды.
31-октябрдан 5-ноябрга чейин Ульсан шаарында (Корея Республикасы) өткөн Дүйнө Кубогуна Умуркулова Чолпонай катышып, байгелүү орунду камсыздады. 8-ноябрь 2025 — Т. Зулпуевдин 100 жылдыгына арналган аялдар арасындагы жаа атуу мелдешинде I даражелүү диплом менен сыйланды.
Биздин студенттер ар дайым университеттер аралык оюндарда, мелдештерде, конференцияларда жана семинарларда активдүү катышып, утуп, университеттин атын даңазалап келишет. 10-ноябрь 2025 — Кыргызстандын Илим күнүнө арналган «XXI кылым: Медицинадагы перспективалар» аттуу I студенттик конференция өткөрүлдү. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы студенттердин илимий иштерине активдүү жетекчилик кылат. Натыйжада студенттик илимий макалалардын саны өсүүдө, конференциядагы баяндамалар ийгиликтүү өтүүдө жана жогорку жыйынтыктарга жетишүүдө.
Гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасынын сыйлыктары
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы
2. Облустук губернатордун Ардак грамотасы
3. ЖАМУнун Ардак грамотасы
4. Шаардык мэриянын Ардак грамотасы
5. Факультеттин Ардак грамотасы
Кафедранын тышкы байланыштары
1. БГУнун Англис тили жана адабияты кафедрасы
2. МУКтун Англис тили жана адабияты кафедрасы
3. К. Тыныстанов атындагы ИМУнун Англис тили кафедрасы
4. ОшМУ менен тыгыз кызматташуу
5. ОшМУнун Англис тили кафедрасы
6. БатМУнун Англис тили кафедрасы
7. УЭП менен тыгыз кызматташуу
