ЖАРЫЯЛОО
Стартап-сынак «StartUp – 2025»
Инновациялык идеяңызды ишке ашырыңыз жана өнүгүү үчүн 200 000 сомго чейин акча алыңыз!
👥 Кимдер катыша алат
- ЖАМУнун бакалавриат жана адистик студенттери
- ЖАМУнун окутуучулары
- Минималдуу 3 кишиден турган командалар
🎯 Негизги багыттар
- Ден-соолук жана "жашыл" экономика
- Медицинада санарип технологиялар
- Биотехнологиялар жана экология
- Интеллектуалдык өндүрүштөр
📅 Каттоо мөөнөттөрү
2025-жылдын 1 – 6-декабры
Каттоо формасы: электрондук форма жана долбоордун кыскача баяны.
📧 Байланыш маалыматтар
Асилова Зульфия Атамырзаевна
ЖАМУнун илим, мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректору.
asilova.zulfiya@mail.ru
🏆 Ар бири 200 000 сомго чейин каржылоо менен 5ге чейин мыкты долбоор тандалып алынат!
