Университетте жайкы эс алуу мезгилинин алдында 2025–2026-окуу жылындагы иштин жыйынтыктарын жана жетишкендиктерди талкуулоо максатында жетекчилик менен окутуучулар жана кызматкерлердин акыркы жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө университеттин негизги жетишкендиктери белгиленип, окутуучуларга, административдик кызматкерлерге жана жалпы университеттин жамаатына үзүрлүү эмгеги, кесипкөйлүгү жана университеттин өнүгүүсүнө кошкон баалуу салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирилди.
Кесиптик ишмердүүлүгүндө өзгөчө жыйынтыктарды көрсөтүп, университеттин максаттарына жетүүгө олуттуу салым кошкон кызматкерлерге өзгөчө көңүл бурулду. Өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жоопкерчиликтүүлүгү жана өз ишине болгон берилгендиги үчүн Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Жыйындын соңунда университеттин жетекчилиги бардык кызматкерлерге окуу жылынын ичинде аткарган үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, баарына бекем ден соолук, бакубат жашоо жана жагымдуу, жакшы эс алуу каалады. Ошондой эле жалпы жамаатка алдыдагы 2026–2027-окуу жылында кесиптик өсүү, ийгиликтер жана жаңы жетишкендиктерди каалады.