Жалал-Абад эл аралык университетинин кызматкерлери — Торокулов Э.Ш., Чойбекова Н.М. жана Сатаров Д.Н. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Алар көп жылдык ак ниет эмгеги, билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, активдүү коомдук ишмердүүлүгү, ошондой эле жаш муундарды тарбиялоо жана даярдоо багытындагы жемиштүү эмгеги үчүн жогорку баага татыды.
Бул сыйлык алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө, жоопкерчилигине, демилгелүүлүгүнө жана өз ишине болгон берилгендигине берилген жогорку баа болуп саналат. Университеттин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүгө, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга жана билим берүү чөйрөсүн өркүндөтүүгө гана эмес, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, академиялык байланыштарды өнүктүрүүгө жана ата мекендик билим берүүнүн эл аралык деңгээлдеги аброюн жогорулатууга да салым кошуп келишет.
Жалал-Абад эл аралык университетинин жетекчилиги жана жамааты Торокулов Э.Ш., Чойбекова Н.М. жана Сатаров Д.Н. мырза-айымдарды татыктуу сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакубатчылык, жаңы кесиптик ийгиликтер, мындан аркы жетишкендиктер жана асыл ишмердүүлүгүндө түгөнгүс энергия каалайт.