News

Эки университеттин илимий журналдары кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

2026-04-18 16:16 KG
2026-жылдын 18-апрелинде Жалал-Абад эл аралык университети (ЖАЭУ) менен Vision университети өздөрүнүн илимий журналдары — EJSMR жана Vision Journal ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Макулдашуу эл аралык илимий кызматташууну өнүктүрүүгө, илимий публикациялардын сапатын жогорулатууга, журналдардын эл аралык базалардагы көрүнүмдүүлүгүн кеңейтүүгө жана биргелешкен илимий иш-чараларды өткөрүүгө багытталган. Бул кызматташтык академиялык байланыштарды чыңдоого жана илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.