Жалал-Абад эл аралык университетинде (ЖАЭУ) 2025–2026-окуу жылы үчүн профессордук-окутуучулук курамдын жана кызматкерлердин аттестациясынын жыйынтыктарын кароо боюнча жыйынтыктоочу жыйын өткөрүлдү.
Аттестация Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, университеттин ички ченемдик документтерине жана ректордун 2026-жылдын 10-июнундагы №210 буйругуна ылайык жүргүзүлдү. Комиссиянын негизги максаты кызматкерлердин ишмердүүлүгүн объективдүү, ачык-айкын жана адилеттүү баалоо болду.
Жыйындын жүрүшүндө eBilim маалыматтык системасынын текшерилген көрсөткүчтөрүнүн негизинде жалпы рейтинг бекитилди. 500 баллдык баалоо системасы боюнча жыйынтык рейтингдик ведомость түзүлүп, ал аттестациялык комиссиянын жыйынтык протоколуна киргизилди.
Кафедралар тарабынан сунушталган кошумча баллдар каралып, ар бир кызматкердин ишмердүүлүгүнө комплекстүү баа берилди. Баалоодо окуу жүктөмү, илимий-изилдөө иштери, окуу-усулдук ишмердүүлүк, эл аралык кызматташтыкка кошкон салым жана сапат менеджменти системасын өнүктүрүүгө катышуу эске алынды.
Жыйынтыгында комиссия кызматкерлерди топтогон баллдарына жараша сыйлоо боюнча ректорго сунуш берүү чечимин кабыл алды.
Комиссия мүчөлөрү университеттин жамаатынын билим берүү, илимий жана коомдук иштерге активдүү катышуусун жогору баалашты.