News

«Манас жана Махабхарата» эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борбору ачылды

2026-07-07 15:27 KG
Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы илимий жана маданий кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү иш-чара өтүп, «Манас жана Махабхарата» эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун расмий ачылышы жана «Манас» эпосунун хинди тилиндеги алгачкы толук котормосунун бет ачары болду.
Иш-чарага мамлекеттик жетекчилер, Индиянын расмий делегациясы, дипломаттар, окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана студенттер катышты.

Иш-чаранын алкагында «Манас» улуттук академиясы, CSIR жана Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташтык келишимдерине кол коюлуп, кыргыз жана индиялык окумуштуулар цивилизациялык изилдөөлөр жана эпикалык мурас боюнча баяндамаларды жасашты.
Жалал-Абад эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар курамы да иш-чарага активдүү катышып, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз салымын кошту.

Бул иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы достукту, илимий байланыштарды жана кыргыз элинин улуу мурасы болгон «Манас» эпосун дүйнөлүк деңгээлде таанытууга багытталган маанилүү кадам болду.