Жалал-Абад эл аралык университетинин (ЖАЭУ) өкүлдөрү менен Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) билим берүү ишмердүүлүгү боюнча проректору Елена Геннадьевна Аверкованын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
ЖАЭУ тарабынан жолугушууга илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор Эльмира Сыдыковна Майназарова, профессор Бубусайра Толобаевна Орозбекова жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Муаттар Тургунова катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы биргелешкен билим берүү программасын иштеп чыгуу, анын ичинде окуу пландарын макулдашуу, окуу процессин уюштуруу жана университеттердин өз ара аракеттенүү механизмдерин аныктоо болду.
Ошондой эле студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, илимий-педагогикалык тажрыйба алмашуу жана биргелешкен билим берүү демилгелерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен билим берүү программасы боюнча ишти улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.