News

ЖАЭУда индиялык адис менен кызматташтыктын келечеги талкууланды

2026-жылдын 30-октябрында Жалал-Абад эл аралык университетинде (ЖАЭУ) университеттин президенти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жаныбай Токоевич Арынбаевдин жана эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректор Дипак Чоулагайндын Индиядан чакырылган окутуучу, доктор Навин Порвал (Dr. Naveen Porwal) менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда академиялык сапардын жыйынтыктары чыгарылып, медициналык билим берүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен билим берүү демилгелерин ишке ашыруу багытында мындан аркы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Университеттин жетекчилиги доктор Навин Порвалга физиология боюнча өткөргөн лекциялары жана студенттерди FMGE квалификациялык экзаменине даярдоо сабактары үчүн ыраазычылык билдирип, алардын болочок дарыгерлерди кесиптик жактан даярдоодогу маанисин белгиледи.

Тараптар академиялык кызматташтыкты улантууга жана эл аралык кесиптик байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.
2026-10-30 12:01 KG