News

ЖАЭУда Бүткүл дүйнөлүк анатомия күнү белгиленди

2026-жылдын 15-октябрында Жалал-Абад эл аралык университетинин морфологиялык дисциплиналар кафедрасында Бүткүл дүйнөлүк анатомия күнүнө (World Anatomy Day) арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында студенттер илимий-таанып-билүүчүлүк презентацияларды жана тематикалык постерлерди сунуштап, интеллектуалдык сынактарга катышып, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин адам анатомиясын үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу, теориялык билимдерин тереңдетүү, илимий жана клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, ошондой эле болочок дарыгерлердин кесиптик компетенцияларын калыптандыруу.

Сынактардын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана активдүү катышуучулар сыйлыктар менен сыйланышты.

Морфологиялык дисциплиналар кафедрасы иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө салым кошкон уюштуруучуларга, профессордук-окутуучулук курамга жана студенттерге ыраазычылык билдирди.

Бул иш-чара фундаменталдык медициналык илимдерди жайылтууга, студенттердин интеллектуалдык жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө, ошондой эле университеттин академиялык чөйрөсүн чыңдоого өбөлгө түздү.
2026-10-15 14:28 KG