Жалал-Абад эл аралык университетинин Гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Умуркулова Чолпонай Жумабековна «Кыргызстан бермети» аттуу X Эл аралык спорттук оюндарда ийгиликтүү катышты.
Ал жаа атуу боюнча мелдештерде жогорку деңгээлдеги даярдыгын, тактыгын жана спорттук чеберчилигин көрсөттү.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча Умуркулова Чолпонай Жумабековна төмөнкү жетишкендиктерге ээ болду:
– 40 метр аралыкка жаа атуу боюнча 1-орун;
– 50 метр аралыкка жаа атуу боюнча 2-орун.
Бул жетишкендиктер анын максаттуулугун, тартиптүүлүгүн жана жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыгын айкын далилдейт. Ошондой эле бул ийгилик Жалал-Абад эл аралык университетинин спорттук дарамети жогорулап жатканын көрсөтөт.
Университеттин жетекчилиги жана жамааты Умуркулова Чолпонай Жумабековнаны татыктуу жеңиштери менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди жана эл аралык спорттук аренада бийик жетишкендиктерди каалайт.