ЖАЭУ жана «Манас» университети илимий-билим берүү кызматташтыгын кеңейтүүдө
2026-жылдын 29-октябрында Жалал-Абад эл аралык университетинде (ЖАЭУ) университеттин жетекчилиги менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин делегациясынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга ЖАЭУнун ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Т. К. Нарымбетов, илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Э. С. Майназарова жана окуу иштери боюнча проректор, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Н. А. Садырова катышты.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин атынан Гүлнара Карадениз (Gülnara Karadeniz) — PhD, доценттин милдетин аткаруучу, маркетинг программасынын окутуучусу; Мустафа Өжал (Mustafa Öcal) — эмерек жасоо жана жасалгалоо программасынын жетекчиси; Сейил С. Нажимудинова (Seiil S. Nazhimudinova) — PhD, бизнес башкаруу кафедрасынын ассистент-профессору катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар университеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү, биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу жана билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Студенттик стартаптарды колдоого, инновациялык демилгелерди өнүктүрүүгө жана 2026-жылдын 13–14-ноябрына пландаштырылган II Евразиялык мультидисциплинардык конференциянын алкагында илимий кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты активдештирүү жана билим берүү менен илим жаатындагы биргелешкен демилгелерди өнүктүрүү боюнча ишти улантуу жөнүндө макулдашышты.