2026-жылдын 21-апрелинде Жалал-Абад эл аралык университетинде (ЖАЭУ) Индиядан келген бүтүрүүчүлөр менен онлайн форматта жолугушуу өттү. Жолугушууда медициналык билим берүү программаларын өркүндөтүү жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыгын жогорулатуу маселелери талкууланды. Тараптар сунушталган демилгелер бүтүрүүчүлөрдүн Индиянын саламаттык сактоо системасына ийгиликтүү интеграцияланышына өбөлгө түзөрүн белгилешти. Иш-чаранын өзгөчө коноктору «Дарылоо иши» программасын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр болушту: Адабала Ананта Лакшми Шиваджханси, Бама Лакшминараяна, Гхош Гокул, Кале Ашлеша Раджеш, Кумар Амарджит, Колей Дебаджит, Маджжарвар Милинд Дургайя, Маджумдар Аян, Махакале Вишакха Арвинд, Сиваннагари Варун, Сул Ганеш Шиваджи, Сингх Джитендра Пратап, Чоудхари Джитендра Сингх, Шахул Хамид. Жолугушууга университеттин жетекчилиги катышты: • Садырова Н.А. — окуу иштери боюнча проректор; • Асилова З.А. — илимий, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор; • Ташиева Г.С. — билим берүүнүн сапаты жана дарылоо иштери боюнча проректор; • Чаулагейн Дипак — эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректор; • Астанов Ш.М. — медицина факультетинин деканы; • Акрамжаров А.Т. — декандын тарбия иштери боюнча орун басары.