Жалал-Абад эл аралык университетинде ишембилик өткөрүлдү
Жалал-Абад эл аралык университетинде аймакты көрктөндүрүүгө, тазалыкты сактоого жана экологиялык маданиятты калыптандырууга багытталган ишембилик өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар университеттин аймагын жана ага чектеш жерлерди тазалап, таштандыларды чогултуп, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мындай иш-чаралар айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого, жамааттык жоопкерчиликти арттырууга жана университеттин корпоративдик маданиятын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Жалал-Абад эл аралык университети студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер үчүн таза, коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Өткөрүлгөн ишембилик университет жамаатынын тазалыкты сактоого, айлана-чөйрөнү коргоого жана аймакты көрктөндүрүүгө болгон жоопкерчиликтүү мамилесинин дагы бир көрүнүшү болду.