«Миниинвазивдүү хирургия доору» конгресси ийгиликтүү өттү!
30-октябрда Жалал-Абад эл аралык университетинин университеттик клиникасынын — «Шифаа Макс» клиникасынын базасында «Миниинвазивдүү хирургия доору» аттуу аймактар аралык конгресс жогорку деңгээлде өттү!
Иш-чара аймактагы алдыңкы хирургдардын башын бириктирип, тажрыйба алмашууга жана заманбап ыкмаларды талкуулоого чоң аянтча болду.
Биздин башкы спикерибиз:
Токтогазиев Бакыт Токтогазиевич (@dr.toktogaziev) — м.и.к., врач-хирург, онколог, И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын №1 Академиялык клиникасынын хирургиялык бөлүмүнүн башчысы (Бишкек ш.) жана Хирургдар ассоциациясынын президенти.
Эксперт алдыңкы баяндамаларды жасап, татаал кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал эми эң кызыктуу учур — операциялык залдан түз эфирдеги видеокөрсөтүү болду! Катышуучулар реалдуу убакыт режиминде өңгөчтүн диафрагмалык жарыгын лапароскопиялык жол менен алып салуу операциясын көзөмөлдөп, тажрыйбалуу хирург менен биргеликте бардык сырларын талкуулашты. Бул медицинанын жаңы стандарттарын өнүктүрүүдө чоң кадам болду!