News

Урматтуу Жалал-Абад эл аралык университетинде эмгектенген мекен коргоочулар!

2026-02-23 06:00 KG
Сиздерди 23-февраль — Мекен Сакчыларынын күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Ата Мекендин сакчылыгында туруу, анын кол тийбестигин жана коопсуздугун камсыз кылуу — бардык учурда эң ыйык, ардактуу жана ошол эле маалда жоопкерчилиги зор милдет болуп келген жана боло берет. Ар бир жарандын Мекен алдындагы эң бийик парзы — өз өлкөсүн коргоо.

Бул майрам кайраттуулуктун, каармандыктын жана атуулдук намыстын чыныгы үлгүсүн даңазалайт. Ошондуктан биз Кыргызстандын тарыхында эрдиги менен эсте калган ата-бабаларыбыздын салтын улантып келе жаткан жоокерлерибизге ар дайым терең урмат көрсөтүп, чоң ишеним артабыз.

Бүгүнкү күндө да Кыргыз Республикасынын эгемендигин ички жана тышкы коркунучтардан коргоо, анын аймактык бүтүндүгүн сактоо — мамлекеттин жана жалпы коомчулуктун эң башкы милдеттеринин бири.

Урматтуу мекен сакчылары! Сиздерге бекем ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалайбыз. Ар дайым үй-бүлөңүздөр менен аман-эсен, ынтымакта жашап, кесибиңиз аркылуу өлкөбүздүн өнүгүүсүнө мындан ары да татыктуу салым кошо бериңиздер!

Сиздерди терең урматтоо менен, ЖАМУнун айымдары.