поддержка преподавателей и международный научный обмен
2–3-октябрь, 2026-жыл | Жалал-Абад эл аралык университетинин клиникалык дисциплиналар кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, медицина илимдеринин кандидаты Тайланов Алмазбек Жакыпович Астанада өткөн ортопедия жана травматология боюнча эл аралык конгресске катышты. Иш-чарада биомеханика, робототехника, жасалма интеллект жана жаракаттарды дарылоонун инновациялык ыкмалары талкууланды. Университеттин президенти Жаныбай Токоевичтин жана ректору Талантбек Канатбековичтин колдоосу менен анын жол киреси төлөндү. Бул колдоо окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүнө жана эл аралык илимий кызматташтыкка өбөлгө түзөт.