News

ЖАЭУ жана Azerbaijan State Oil and Industry University Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

2026-09-23 15:38 KG
Азербайжанга болгон иш сапардын жана эл аралык форумга катышуунун алкагында Жалал-Абад эл аралык университети менен Azerbaijan State Oil and Industry University (ASOIU) ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке кол коюу эки университеттин ортосундагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болду.

Меморандум академиялык жана илимий өнөктөштүктү өнүктүрүүнү, биргелешкен билим берүү жана изилдөө долбоорлорун ишке ашырууну, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн, тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашууну, ошондой эле биргелешкен конференцияларды, семинарларды жана башка илимий-билим берүү иш-чараларын өткөрүүнү карайт.

Тараптар мындан ары да узак мөөнөттүү кызматташтыкты бекемдөөгө жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.