News

ЖАЭУ менен Vision университети кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

2026-04-18 16:23 KG
2026-жылдын 18-апрелинде Жалал-Абад эл аралык университети (ЖАЭУ) менен Vision эл аралык университети билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Меморандумга кол коюшту.

Макулдашуу академиялык мобилдүүлүктү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, публикациялык активдүүлүктү жогорулатууну жана заманбап билим берүү технологияларын өнүктүрүүнү камтыйт. Ошондой эле медицина, экономика, IT, психология жана башка багыттарда кызматташуу каралган.

Бул меморандум эки университеттин академиялык байланыштарын чыңдоого жана эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.