News

ЖАЭУ жана Al-Ahliyya Amman University Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

2026-09-24 17:00 KG
Жалал-Абад эл аралык университети (ЖАЭУ) жана Al-Ahliyya Amman University (Амман, Иордания) билим берүү жана илим тармагында биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө негиз түзгөн Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга (MoU) кол коюшту.

Өнөктөштүктүн негизги багыттарынын бири академиялык алмашуу болот. Меморандум студенттердин, окутуучулардын жана изилдөөчүлөрдүн алмашуусуна, лекцияларды өткөрүүгө, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жанакесиптик тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүүнү карайт.

Ошондой эле биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, конференцияларды, симпозиумдарды жана семинарларды уюштурууга, академиялык материалдар жана басылмалар менен алмашууга, ошондой эле эки университеттин өкүлдөрүнүн биргелешкен билим берүү жана илимий иш-чараларга катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, тараптар биргелешкен академиялык программаларды иштеп чыгуу жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча жаңы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну пландаштырууда.

Кол коюлган меморандум ЖАЭУ менен Al-Ahliyya Amman University ортосундагыпрактикалык кызматташууга негиз түзүп, эки университеттин студенттери, окутуучулары жана изилдөөчүлөрү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.