Азербайжандын Баку шаарында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген университет жетекчилерин, эксперттерди жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүн
бириктирген UI GreenMetric 2026 Results & Awards Ceremony эл аралык иш-чарасы өтүүдө. Жалал-Абад эл аралык университетин (ЖАЭУ) бул эл аралык аянтчада ректор Нарымбетов Талантбек Канатбекович жана эл аралык мамилелер боюнча проректор Дипак Чолагейн өкүлчүлүк кылууда. Иш-чаранын алкагында жогорку билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсү, университеттердин эл аралык рейтингдери, экологиялык жоопкерчилик, санариптик трансформация жана университеттик башкарууну өркүндөтүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланууда. Университеттердин стратегиялык өнүгүүсүндө эл аралык рейтингдердин ролуна, туруктуу өнүгүү принциптерин киргизүүгө жана билим берүү мекемелеринин ортосунда алдыңкы
тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулууда. Иш-чаранын программасы эксперттик баяндамаларды, панелдик талкууларды, кесиптик жолугушууларды жана эл аралык тажрыйба алмашууну камтыйт. ЖАЭУ өкүлдөрүнүн катышуусу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, жаңы академиялык жана институционалдык байланыштарды түзүүгө, ошондой эле университеттин туруктуу өнүгүүсү жана эл аралык деңгээлдеги позициясын бекемдөө боюнча заманбап ыкмаларды үйрөнүүгө өбөлгө түзөт.
ЖАЭУ жетекчилигинин бул эл аралык иш-чарага катышуусу университеттин эл аралык байланыштарын чыңдоого жана дүйнөлүк билим берүү жана илимий мейкиндикке мындан ары интеграцияланууга багытталган системалуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.