News

«Шифаа Макс» университетдик клиникасында «Миниинвазивдүү хирургия доору» аттуу аймактар аралык конгресс ийгиликтүү өттү

30-октябрда Жалал-Абад эл аралык университетинин университеттик клиникасынын — «Шифаа Макс» клиникасынын базасында медициналык коомчулук үчүн маанилүү окуя — «Миниинвазивдүү хирургия доору» аттуу аймактар аралык конгресс болуп өттү.

Иш-чара алдыңкы тажрыйба алмашуу жана аз травмалуу операциялык ыкмаларды талкуулоо үчүн аймактын алдыңкы практикующий хирургндарын бириктирди.

Конгресстин башкы спикери:

Токтогазиев Бакыт Токтогазиевич — медицина илимдеринин кандидаты (м.и.к.), врач-хирург, онколог, И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын №1 Академиялык клиникасынын хирургиялык бөлүмүнүн башчысы (Бишкек ш.), Хирургдар ассоциациясынын президенти.

Конгресстин алкагында эксперт алдыңкы баяндамаларды жасап, татаал клиникалык учурларды талдап, келген адистер жана хирургдар менен өзүнүн баа жеткис практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү. Иш-чаранын эң маанилүү бөлүгү катары операциялык залдан түз видеокөрсөтүү (трансляция) уюштурулуп, коноктор өңгөчтүн диафрагмалык жарыгын лапароскопиялык жол менен операция кылуу процессин реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, ар бир этапты башкы хирург менен бирге талкуулоо мүмкүнчүлүгүн алышты.

Конгресс враймардын квалификациясын жогорулатууда, кесиптик байланыштарды бекемдөөдө жана заманбап хирургиянын жогорку стандарттарын жайылтууда маанилүү кадам болуп калды.
KG