News

Доктор Притеш Кумардын ЖАЭУга расмий сапары

2026-05-22 09:09 KG
2026-жылдын 17–23-май күндөрү Жалал-Абад эл аралык университетинде студенттерди FMGE жана NExT эл аралык квалификациялык экзамендерине даярдоого багытталган хирургия боюнча интенсивдүү лекциялык жана практикалык курстар өтүүдө. Сабактарды чакырылган эксперт доктор Притеш Кумар өткөрүүдө.

Сапардын алкагында доктор Притеш Кумар университет жетекчилиги менен расмий жолугушуу өткөрдү. ЖАЭУнун ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты Нарбаев М.Р. медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн чакырылган адиске терең ыраазычылык билдирди. Академиялык эмгегин баалоо жана ыраазычылык иретинде ректор доктор Притеш Кумарга университеттин ардак грамотасын тапшырды. Билим берүү программаларын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулоого медицина факультетинин деканы Астанов Ш.М. да катышты.

Сапардын программасы ЖАЭУнун клиникалык жана материалдык-техникалык базасы менен таанышууну камтыды. Доктор Притеш Кумар университеттин көп тармактуу «Шифа» клиникасына барып, дарылоо иштеринин уюштурулушун жана студенттердин практикалык даярдыгы үчүн түзүлгөн шарттарды жогору баалады. Ошондой эле ал ЖАЭУнун Симуляциялык борборунун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, студенттер бейтаптар менен иштөөгө чейин симуляторлор жана виртуалдык тренажёрлор аркылуу практикалык көндүмдөрдү натыйжалуу өздөштүрө аларын белгиледи.