Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Жалал-Абад эл аралык университетинин (ЖАЭУ) делегациясы Фергана шаарындагы Борбордук Азия медициналык университетине барды. Делегацияны сапат жана дарылоо иштери боюнча проректор Ташиева Г.С. жетектеди.
Делегациянын курамында студенттер Таяваде Деварши Вишвешвар жана Пасван Сандип Харишчандра дагы болушту. Сапардын жүрүшүндө университеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, медициналык билим берүү боюнча тажрыйба алмашуу, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү маселелери талкууланды. Студенттер үчүн Ташиева Г.С. жана Жунусова Д.Н. лекция окушту.
Бул сапар өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.