News

ЖАЭУда Индиянын Көз карандысыздык күнү белгиленди

KG
Жалал-Абад эл аралык университетинде Индия Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө арналган маданий иш-чара болуп өттү.Салтанаттуу азем университеттин Президенти жана университеттин ректору Нарбаев Мирсадык РахимбердиевичАрынбаев Жаныбай Токоевичтин куттуктоо сөздөрү менен башталды.Студенттер Индиянын тарыхын, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган ырларды жана поэзиялык чыгармаларды аткарышты.Индия Республикасынын мамлекеттик желеги салтанаттуу түрдө илинген соң, Индиянын мамлекеттик гимни жаңырып, студенттер менен профессордук-окутуучулук курамдын катышуусунда майрамдык торт кесилди.Иш-чара университеттин көп маданияттуу билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган ишмердүүлүгүн чагылдырды.