News

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЖҮРӨК КҮНҮНӨ КАРАТА ӨТКӨРҮЛГӨН АКЦИЯ

2026-09-29 09:34 KG
Жалал-Абад эл аралык университетинин демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата калктын саламаттыгын чыңдоого жана жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга багытталган медициналык-профилактикалык акция өткөрүлдү.

Акция жогорку деңгээлде уюштурулуп, ага 200дөн ашуун шаар тургуну жана коноктор катышты. Катышуучуларга акысыз медициналык текшерүүлөр жүргүзүлүп:

- артериялык кан басымы жана пульсу өлчөндү;
- кандагы канттын деңгээли аныкталды;
- кандын тобу жана резус-фактору текшерилди;
- кандагы кычкылтектин деңгээли — сатурация өлчөндү;
- дене салмагы жана башка антропометриялык көрсөткүчтөр аныкталды.

Акциянын жүрүшүндө университеттин тажрыйбалуу дарыгер-окутуучулары жарандарга акысыз медициналык кеңештерди беришти:

- терапевт Арамжанов А.;
- кардиолог Арзыкулова А.Б.;
- эндокринолог Таанышбекова А.;
- невропатолог Казыбеков А.;
- акушер-гинеколог Мурзабаева М.

Адистер катышуучуларды кабыл алып, алардын саламаттык көрсөткүчтөрүнө жараша жекече сунуштарын беришти. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынын, кант диабетинин жана башка өнөкөт оорулардын алдын алуу, туура тамактануу, дене кыймылы жана сергек жашоо образы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында илимий-изилдөө иштери да жүргүзүлүп, катышуучулар арасында анкеталоо жана антропометриялык өлчөөлөр өткөрүлдү. Алынган маалыматтар калктын саламаттык көрсөткүчтөрүн талдоодо жана илимий макалаларды даярдоодо пайдаланылат.

Бул акция студенттер үчүн маанилүү практикалык аянтча болду. Студенттер дарыгер-окутуучулардын жанында иштеп, калк менен түздөн-түз баарлашуу, медициналык көрсөткүчтөрдү өлчөө, бейтаптарды кабыл алууга катышуу жана профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча баалуу тажрыйба алышты. Ошентип, иш-чарада илим, билим берүү жана медициналык практика өз ара айкалышты.

Акцияга катышкан жарандар иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, университеттин администрациясына, дарыгер-окутуучуларга, уюштуруучуларга жана студенттерге терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Иш-чараны өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Жалал-Абад эл аралык университетинин ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Нарымбетов Талантбек Канатбековичке, университеттин президенти, экономика илимдеринин доктору, профессор Арынбаев Жаныбай Токоевичке терең ыраазычылык билдиребиз.

Ошондой эле акцияны уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышкан университеттин администрациясына, кафедра башчыларына, дарыгер-окутуучуларга жана студенттерге чын жүрөктөн ыраазычылык айтабыз!

Жүрөккө кам көрүү — ден соолукка жана узак өмүргө жасалган маанилүү кадам!