News

ЖАЭУда илимий ишмердүүлүк жана окутуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөр талкууланды

Жалал-Абад эл аралык университетинде профессордук-окутуучулук курам менен илимий ишмердүүлүк, илимий макалаларды жарыялоо жана изилдөө долбоорлоруна катышуу маселелерине арналган жолугушуу өткөрүлдү.

ЖАЭУнун стратегиялык өнүктүрүү жана сапат менеджменти боюнча проректору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Кыялбек Шерикбаевич Сакибаев университет тарабынан окутуучулардын кесиптик жана илимий өнүгүүсү үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле илимий, тармактар аралык жана эл аралык долбоорлорго катышуу жолдору тууралуу маалымат берди.

Медицина илимдеринин доктору, профессор, ЖАЭУнун ректорунун илимий иштер боюнча кеңешчиси Бубусайра Толобаевна Орозбекова изилдөө темасын тандоо, илимий макалаларды даярдоо жана жазуу, илимий долбоорлорду түзүү, конференцияларга, сынактарга жана гранттык программаларга катышуу боюнча кеңири түшүндүрмө берди.

Ошондой эле илимий журналдарды туура тандоо, макалаларга коюлуучу талаптар жана эл аралык илимий маалымат базаларына кирген журналдарда жарыялоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуу окутуучуларга практикалык сунуштарды алууга жана мындан аркы илимий ишмердүүлүктүн перспективдүү багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.
2026-10-07 16:52 KG