2026-жылдын 6-октябрында Жалал-Абад эл аралык университетинде (ЖАЭУ) «Научные журналы» эл аралык илимий басмаканасынын башкы директору Сергей Васильевич Пилипенко менен Zoom платформасы аркылуу онлайн-жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга университет тарабынан стратегиялык өнүктүрүү жана сапат менеджменти боюнча проректор, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Сакибаев Кыялбек Шерикбаевич; илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Майназарова Эльмира Сыдыковна; эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректор, доцент, MD, MS, FMAS, PhD Дипак Чаулагайн катышты.
Жолугушуунун негизги максаты университеттин илимий-басма ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, профессордук-окутуучулук курамдын илимий макалаларды жарыялоо активдүүлүгүн жогорулатуу жана университеттин илимий басылмаларын эл аралык академиялык мейкиндикте таанытуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду.
Өзгөчө көңүл «Евразийский журнал научных и мультидисциплинарных исследований» илимий журналынын редакциялык жана басма саясатын өркүндөтүүгө, жарыяланган илимий эмгектердин сапатын жогорулатууга жана журналды эл аралык Scopus илимий-маалыматтык базасына киргизүү перспективаларына бурулду.
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар илимий журналдын эл аралык басма стандарттарына шайкеш келүүсү, жарыялоо этикасынын принциптерин сактоо, илимий рецензиялоо жол-жоболорун өркүндөтүү жана илимий басылмалар жаатындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин карашты.
Ошондой эле университеттин илимий-изилдөө потенциалын чыңдоонун, изилдөөлөрдүн натыйжаларын эл аралык деңгээлде таанытуунун жана окутуучулар менен изилдөөчүлөрдүн илимий эмгектерин жарыялоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Бул жолугушуу Жалал-Абад эл аралык университетинин эл аралык илимий-басма коомчулугу менен кесиптик байланыштарын өнүктүрүүгө жана илимий-публикациялык ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүнүн перспективдүү багыттарын аныктоого өбөлгө түздү.