Жалал-Абад эл аралык университетинин симуляциялык борборунда студенттердин медициналык билимдерин практика жүзүндө бекемдөөгө жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган практикалык сабактар өткөрүлүүдө.
Борбордун ишин системалуу уюштуруу максатында тиешелүү журналдар ачылып, окуу процессин каттоо жана жүргүзүлгөн иштерди документтештирүү иштери башталды.
Симуляциялык борборго келген студенттерге техникалык коопсуздук эрежелери боюнча нускама берилип, окуу жабдууларын туура жана коопсуз пайдалануу талаптары түшүндүрүлдү. Бул иштер практикалык сабактарды коопсуз шартта өткөрүүгө жана студенттердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле борбордо акушердик-гинекология дисциплинасы боюнча «Жамбаштын өлчөмдөрүн аныктоо» темасында практикалык сабак өткөрүлдү. Сабактын жүрүшүндө студенттер тазомер менен иштөөнү жана жамбаштын өлчөмдөрүн аныктоо ыкмаларын үйрөнүштү. Алар өлчөө иштерин аткарып, алынган көрсөткүчтөрдү жазышты. Практикалык иш студенттерге акушердик текшерүүнүн негиздерин түшүнүүгө, өлчөө көндүмдөрүн калыптандырууга жана теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берди.
Симуляциялык борбордо практикалык окутууну өркүндөтүү, окуу процессин документтештирүү жана студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү боюнча иштер улантылууда.