Жалал-Абад Эл аралык университетинин (ЖАЭУ) окуу аудиторияларында Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун Ош шаарындагы филиалы тарабынан ишке ашырылып жаткан кайра даярдоо программасынын алкагында «Саламаттык сактоо мекемелеринде инфекциялык көзөмөлдү уюштуруу» темасында окуу курсу өткөрүлүүдө.Бул курс Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген медициналык кызматкерлердин кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатууга багытталган.Окуу курсу жогорку категориядагы дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты, ЖАЭУнун доценти Темиров Немат Мойдунович тарабынан 2026-жылдын 23-январынан 3-февралына чейин өткөрүлүүдө. Курстун алкагында угуучулар университеттин проректорлору Садырова Н. А., Асилова З. А., ошондой эле медициналык факультеттин деканы Астанов Ш. М. менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга Эл аралык университеттин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди жана таанышуу иш-чарасы уюштурулду.