News

ЖАЭУ менен Индиянын уюмдары кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты

Жалал-Абад эл аралык университетинде (ЖАЭУ) окуу иштери боюнча проректор, Садырова Нургүл Адылгазиевна Индиянын билим берүү жана медицина тармагындагы уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Indo Ace Global компаниясынын операциялык директору (COO) Dr. Iffan Qaisar жана Dr. Usmani Wellness Private Limited (Dr. Usmani Clinic) компаниясынын директору Dr. R. K. Usmani Rizwan катышты.

Тараптар эл аралык кызматташууну кеңейтүү, биргелешкен билим берүү жана медициналык демилгелерди ишке ашыруу, кесиптик тажрыйба алмашуу жана студенттердин практикалык даярдыгын өнүктүрүү боюнча келечектеги пландарды талкуулашты.

Кызматташтыкка кошкон салымы үчүн конокторго ыраазычылык сертификаттары жана университеттин фирмалык төш белгилери тапшырылды.
KG