News

ЖАЭУ Scopus эл аралык илимийметриялык базасына кошулду

KG
Жалал-Абад эл аралык университети илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү багытында маанилүү кадам жасаганын билдирет. Университет дүйнөдөгү эң ири илимийметриялык платформалардын бири болгон Scopus базасына жеткиликтүүлүк алды.

Scopus — илимий макалаларды, журналдарды, конференция материалдарын жана цитаталуулук көрсөткүчтөрүн талдоо үчүн колдонулган эл аралык маалымат базасы. Бул платформа дүйнө жүзүндөгү изилдөөчүлөр, жогорку окуу жайлар жана илимий уюмдар тарабынан кеңири колдонулат.

Scopus базасына кошулуу университеттин профессордук-окутуучулук курамына, докторанттарына жана студенттерине кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эми колдонуучулар илимий макалалардын, журналдардын, конференция материалдарынын кеңири базасына жана аналитикалык инструменттерге жеткиликтүү болуп, төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:

заманбап илимий адабияттарды сапаттуу жана системалуу талдоо;

илимий изилдөөлөрдүн деңгээлин жогорулатуу;

жарыялоо активдүүлүгүн өнүктүрүү;

цитаталуулук көрсөткүчтөрүн жана илимий таасирин көзөмөлдөө;

эл аралык илимий байланыштарды түзүү;

жаңы илимий өнөктөштөрдү табуу.

Бул кадам университеттин эл аралык илимий-билим берүү мейкиндигине интеграциялануу, академиялык аброюн жогорулатуу жана изилдөө маданиятын өнүктүрүү стратегиясына толук шайкеш келет.

Университеттин жетекчилиги белгилегендей, Scopus ресурстарын колдонуу эл аралык деңгээлде индекстелген журналдарда атаандаштыкка жөндөмдүү илимий макалаларды даярдоодо маанилүү инструмент болуп саналат.

Scopus базасына кошулуу Жалал-Абад эл аралык университетинин билим берүү жана илим жаатында эл аралык сапат стандарттарын киргизүүгө умтулуусун тастыктайт. Ошондой эле бул мүмкүнчүлүк изилдөөчүлөрдүн, жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий потенциалын жогорулатууга шарт түзөт.