ЖАЭУда эл аралык консалтинг компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
Жалал-Абад эл аралык университетинде (ЖАЭУ) BABA CONSULTANCY жана JEELAN CONSULTANCY эл аралык консалтинг компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Университетке BABA CONSULTANCY компаниясынын өкүлдөрү Abid Hussain жана Tahir Baba, ошондой эле JEELAN CONSULTANCY компаниясынын өкүлү GH Geelani Malla иш сапары менен келишти.
Университеттин жетекчилигинин атынан жолугушууга окуу иштери боюнча проректор, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Садырова Нургуль Адылгазиевна катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар буга чейинки кызматташтыктын жыйынтыктарын, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин, чет өлкөлүк студенттерди тартуу, аларды колдоо механизмдерин өркүндөтүү жана университетте билим алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл келечектеги биргелешкен пландарга, өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүгө жана узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө бурулду.
Өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирүү максатында Садырова Нургуль Адылгазиевна университеттин атынан конокторго ыраазычылык сертификаттарын жана эстелик белектерди тапшырды.
Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, тараптардын мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга болгон өз ара кызыкчылыгын тастыктады.