News

Умуркулова Чолпонай Жуманалиевнаны жеңиши менен куттуктайбыз!

2026-03-21 06:08 KG
Жалал-Абад эл аралык университети Умуркулова Чолпонай Жуманалиевнаны салттуу жаа атуу боюнча “Талаа мергени” Азия чемпионатында аялдар арасындагы “Жамбы” багыты боюнча I орунду жеңип алышы менен чын жүрөктөн куттуктайт.

Аталган мелдеш 2026-жылдын 18–21-март күндөрү Казакстандын Түркстан шаарында өткөрүлдү. Чолпонай Жуманалиевнанын бул ийгилиги — жогорку чеберчиликтин, талыкпаган эмгектин, туруктуулуктун жана жеңишке болгон умтулуунун ачык далили.

Бул сыймыктуу жетишкендик жалпы жамаат үчүн чоң кубаныч болуп, жаштарга жана студенттерге дем берүүчү мыкты үлгү болуп саналат.

Чолпонай Жуманалиевнага чың ден соолук, жаңы ийгиликтер, күч-кубат жана мындан аркы жеңиштерди каалайбыз!