News

«Менин университетим»: кыргыз тилин үйрөнүүгө интерактивдүү мамиле

2026-жылдын 29-октябрында Жалал-Абад эл аралык университетинин Гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу Эрматова Алтынай Жумабаевна LDi-16-25 тайпасынын студенттерине «Кыргыз тили жана адабияты» дисциплинасы боюнча «Менин университетим» темасында ачык сабак өттү.

Сабактын максаты студенттердин кыргыз тилинде сүйлөө жана баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү, сөз байлыгын кеңейтүү жана грамматикалык билимдерин практикада колдонууга үйрөтүү болду.

Сабактын жүрүшүндө «Муз жаргыч» ыкмасы, интерактивдүү тапшырмалар, суроо-жооп,

жуптук жана топтук иштер колдонулду. Студенттер университетке байланыштуу жаңы сөздөрдү өздөштүрүп, грамматикалык көнүгүүлөрдү аткарышты, сүйлөмдөрдү түзүп, диалогдорго катышышты.

Ачык сабак студенттердин коммуникативдик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө, кыргыз тили боюнча билимдерин бекемдөөгө жана окутуучулар арасында педагогикалык тажрыйба алмашууга багытталды.
2026-10-29 16:45 KG