Жалал-Абад эл аралык университетинин жетекчилигинин Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында ЖАЭУ менен Northern University (Пакистан Ислам Республикасы) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Кол коюлган документ эки университеттин ортосунда билим берүү, илим жана эл аралык ишмердүүлүк багыттарында узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө негиз түзөт. Өзгөчө көңүл студенттердин академиялык мобилдүүлүгүнө, окутуучуларды, изилдөөчүлөрдү жана чакырылган профессорлорду алмашууга, биргелешкен илимий демилгелерди өнүктүрүүгө жана эки университеттин өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө бурулат.
Northern University менен кызматташуу биргелешкен билим берүү жана илимий иш-чараларды өткөрүүгө, академиялык тажрыйба алмашууга жана эл аралык демилгелерди ишке ашырууга да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Меморандумга кол коюу ЖАЭУнун эл аралык байланыштарынын географиясын кеңейтүүдө жана Пакистан Ислам Республикасынын жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты чыңдоодо дагы бир маанилүү кадам болду.