News

Талант жана билимге умтулуу татыктуу колдоого ээ болду

2026-06-13 10:00 KG
2026-жылдын 13-июнунда Жалал-Абад эл аралык университетинде билим берүүнү жана жаштардын өнүгүүсүн колдоо багытындагы ишенимдүү өнөктөш — Doing Good Charity Foundation кайрымдуулук фондунун программасынын алкагында студенттерге стипендия тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Быйыл Жалал-Абад эл аралык университетинин 52 студенти фонддун стипендиясына ээ болду. Бул билим берүү демилгесин ишке ашырууга 2 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнүп, таланттуу, максаттуу жана келечектүү студенттерге олуттуу колдоо көрсөтүлдү.

Doing Good Charity Foundation фондунун стипендиялык программасы окууда жогорку көрсөткүчтөргө жетүүгө умтулган, билимин жана көндүмдөрүн үзгүлтүксүз өркүндөтүп жаткан, келечектеги кесибине жоопкерчилик менен мамиле кылган жана университеттин коомдук турмушуна активдүү катышкан студенттер үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Стипендия материалдык жардам гана эмес, студенттердин эмгекчилдигине, туруктуулугуна жана жетишкендиктерине берилген жогорку баа болуп саналат. Мындай демилгелер жаштардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, алдыга койгон максаттарына ишенимдүү жетүүгө, окууда, илимий изилдөөдө жана кесиптик өнүгүүдө жаңы ийгиликтерди жаратууга дем берет.

Таланттуу жаштарды колдоо — коомдун келечегине салынган маанилүү инвестиция. Студенттер бүгүн алган билим, тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөр келечекте алардын кесибинин, коомдун жана өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошуусуна шарт түзөт.

Жалал-Абад эл аралык университетинин администрациясы Doing Good Charity Foundation фондуна жемиштүү кызматташтыгы, ишеними, студенттерге көрсөткөн колдоосу жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Бардык стипендиаттарды татыктуу жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктап, окууларында, илимий изилдөөлөрүндө жана келечектеги кесиптик жолунда жаңы ийгиликтерди, жеңиштерди жана максаттарына ишенимдүү жетүүнү каалайбыз!

Бүгүнкү билим — эртеңки ийгиликтин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн пайдубалы!