Манас шаарынын мэриясы менен Жалал-Абад эл аралык университетинин (ЖАЭУ) ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Келишимге Манас шаарынын мэри Маткаликов Абдупата Жороевич, ЖАЭУнун ректору Нарбаев Мирсадык Рахимбердиевич жана ЖАЭУнун президенти Арынбаев Жаныбай Токоевич катышты.
Келишимге ылайык, 2026–2027-окуу жылында5 абитуриент ЖАЭУнун «Дарылоо иши» адистигине 100% жеңилдетилген негизде кабыл алынат. Бул демилге аймак үчүн медициналык адистерди даярдоого жана сапаттуу жогорку билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.