News

ЖАЭУнун окутуучулары Чаткал районунун 90 жылдыгына арналган конференцияга катышты

KG
2026-жылдын 20-июнунда Чаткал районунун административдик борбору болгон Каныш-Кыя айылында райондун 90 жылдыгына арналган «Чаткал: тарыхы, маданияты, табигый мурастары жана өнүгүү келечеги» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференциянын ишине Жалал-Абад эл аралык университетинин Гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары активдүү катышты.

Пленардык жыйында физика-математика илимдеринин кандидаты Канетова Динара Эменовна жана тарых илимдеринин кандидаты Анарбекова Венера Эркинбековна илимий баяндамалар менен чыгышты. Алардын баяндамалары тиешелүү илимий багыттардагы актуалдуу маселелерге, аймактын тарыхына, маданий баалуулуктарына жана туруктуу өнүгүү келечегине арналды.

Баяндамалар катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, мазмундуу илимий талкууга негиз болду.

Иш-чара окумуштууларды, практик адистерди жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүн бириктирди. Алардын катарында Ош мамлекеттик университети, И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет жана башка уюмдар болду.

Конференциянын жүрүшүндө аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары боюнча актуалдуу маселелер каралды.

Мындай деңгээлдеги иш-чараларга катышуу илимий дараметти өнүктүрүүгө, жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыкты чыңдоого жана инновациялык чечимдерди практикага киргизүүгө өбөлгө түзөт.

Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, Чаткал районунда илимий изилдөөлөрдү мындан ары өнүктүрүүгө жана илим менен өндүрүштүн өз ара байланышын күчөтүүгө багытталган сунуштар иштелип чыкты.