News

ЖАЭУда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү

2026-жылдын 22-октябрында Жалал-Абад эл аралык университетиндеОкумуштуулар кеңешинин №02/26 кезектеги жыйыны өткөрүлүп, университеттин билим берүү, илимий-изилдөө жана уюштуруучулук ишмердүүлүгүнө байланышкан маанилүү маселелер каралды.

Жыйындын алкагында билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга, илимий потенциалды чыңдоого, эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө жана университеттин башкаруу механизмдерин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Күн тартибиндеги маселелер боюнча жооптуу жетекчилердин маалыматтары угулуп, тиешелүү сунуштар талкууланды.

Окумуштуулар кеңешинин жыйыны университеттин стратегиялык өнүгүү багыттарын ишке ашырууда жана академиялык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү уюштуруучулук аянтча болуп саналат.
KG