ЖАЭУда Kyrgyzstan Admission Centre негиздөөчүсү менен жолугушуу өттү
2026-жылдын 6-октябрында Жалал-Абад эл аралык университетинде университеттин ректору Нарымбетов Талантбек Канатбекович менен Kyrgyzstan Admission Centre (KAC) компаниясынын негиздөөчүсү Dr. Prashant Kumar Belchandan ортосунда расмий жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, чет өлкөлүк студенттер менен иш алып баруу жана аларга билим алуу процессинде колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле университет менен Kyrgyzstan Admission Center ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоо жана өз ара кызматташуунун келечектүү багыттарын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы конструктивдүү кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти. Өз ара урмат-сыйдын жана өнөктөштүктүн белгиси катары эстелик белектер тапшырылды.