News

ЖАЭУнун доценти эл аралык илимий конференцияда илимге кошкон салымы үчүн сыйланды

2026-06-09 13:30 KG
Гуманитардык-табигый кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Анарбекова Венера Эркинбековна 2026-жылдын 6-июнунда Өзбекстан Республикасынын Сох районунда өткөн “Цивилизациялар диалогу: Улуу Жибек жолунун тектирлеринде” аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты. Аталган конференция Борбор Азия элдеринин тарыхый-маданий мурасын, цивилизациялар аралык байланыштарын жана маданий алакаларын изилдөөгө арналды. Венера Эркинбековна “Чаткал өрөөнүндөгү оозеки тарых” аттуу илимий макаласында Чаткал өрөөнүнөн жыйналган этнографиялык талаа материалдары, кошок жанрынын өзгөчөлүктөрү жана Качканак Салибаевдин айтуусундагы “Муңдук-Зарлык” дастанынын тарыхый-этнографиялык мааниси талдоого алынган.

Венера Эркинбековна конференциянын “Тарыхый мурас, цивилизациялар аралык диалог жана маданий синтез” багытындагы I секциясында модератор катары да иш алып барды. Илимий баарлашуунун жыйынтыгында илимге кошкон салымы үчүн Туран академиясынын Сох райондук филиалынын медалы менен сыйланды. Бул катышуу университеттин эл аралык илимий кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана кыргыз элинин тарыхый, руханий жана этнографиялык мурасын илимий чөйрөдө таанытууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.