News

Индиядан келген стейкхолдерлер менен жолугушуу

KG
2026-жылдын 14-апрелинде Жалал-Абад эл аралык университетинде (ЖАЭУ) Индиядан келген стейкхолдерлер менен кезектеги жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда билим берүү программаларын өркүндөтүү, чет өлкөлүк студенттерди тартуу, алардын адаптациясын жакшыртуу жана коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Ошондой эле клиникалык-практикалык окутууну күчөтүү, симуляциялык технологияларды колдонуу жана билим берүүнү эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү маселелерине көңүл бурулду.

Жыйынтыгында студенттерди колдоо системасын жакшыртуу жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сунуштар иштелип чыкты.