News

Спорт Бириктирет: Жаэунун Студенттери Достук Волейбол Мелдешинде

Манас шаарындагы К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин базасында жогорку окуу жайлардын студенттери арасында волейбол боюнча достук мелдеш уюштурулду.

Мелдешке шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттик командалары менен катар Жалал-Абад эл аралык университетинин (ЖАЭУ) студенттери да катышып, спорттук чеберчиликтерин жана командалык биримдигин көрсөтүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттер арасында сергек жашоо образын жайылтуу, спорттук байланышты чыңдоо жана жогорку окуу жайлардын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү.
Мелдеш достук маанайда өтүп, катышуучуларга өз ара тажрыйба алмашууга, жаңы досторду табууга жана спорт аркылуу кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түздү.

Жалал-Абад эл аралык университети жаштардын спорттук демилгелерин колдоону жана студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларга катышууну улантууда.
KG