ЖАЭУда медицина факультетинин биринчи курсунун студенттери менен жолугушуу өттү
Жалал-Абад эл аралык университетинде (ЖАЭУ) медицина факультетинин биринчи курсунун студенттери менен таанышуу жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чарага медицина факультетинин деканы Астанов Шавкатбек Моминжанович, академиялык иштер боюнча декандын орун басары Акрамжанов Акмал, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Тургунова Муаттар, студенттик кеңештин президенти Тушар Накул Каланге жана вице-президенти Винаяк Дилип катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуу процессин уюштуруу, академиялык тартип, чет өлкөлүк студенттердин университеттик чөйрөгө ыңгайлашуусу жана администрация менен өз ара байланыш маселелери талкууланды.
Академиялык мобилдүүлүккө жана эл аралык билим берүү программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Студенттик кеңештин өкүлдөрү биринчи курстун студенттерин студенттик өз алдынча башкаруу ишмердүүлүгү, алдыдагы иш-чаралар жана университеттин коомдук жашоосуна катышуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырышты.
Жолугушуунун соңунда ачык талкуу уюштурулуп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Иш-чара администрация менен студенттердин ортосундагы байланышты чыңдоого жана биринчи курстун студенттеринин университеттик чөйрөгө ийгиликтүү ыңгайлашуусуна өбөлгө түздү.