News

ЖАЭУ Филиппиндеги Sorsogon State University менен эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө

2026-09-24 17:26 KG
Жалал-Абад эл аралык университети (ЖАЭУ) эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөнү улантууда.

Эл аралык байланыштарды өнүктүрүүнүн алкагында ЖАЭУ менен Филиппин Республикасындагы Sorsogon State University (SorSU) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Кол коюлган документ академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө демилгелерин ишке ашырууга, тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен конференцияларды, семинарларды жана башка эл аралык иш-чараларды уюштурууга негиз түзөт. Өзгөчө көңүл студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүнө, алмашуу программаларына жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга бурулат.

Меморандумга кол коюу ЖАЭУнун эл аралык байланыштарын бекемдөөдө жана студенттер менен профессордук-окутуучулук курам үчүн билим берүү, илим жана академиялык алмашуу багыттарында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө дагы бир маанилүү кадам болду.