Жалал-Абад эл аралык университетинде (ЖАЭУ) Индиянын N T Patil Educational Consultancy билим берүү консалтинг компаниясынын директору доктор Нилеш Патил жана абитуриенттерди NEET (National Eligibility cum Entrance Test) улуттук кирүү сынагына даярдаган эки окутуучу менен расмий жолугушуу болуп өттү.
Университет тарабынан жолугушууга ЖАЭУнун президенти Арынбаев Жаныбай Токоевич жана окуу иштери боюнча проректор Садырова Нургуль Адылгазиевна катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар окуу процессин уюштуруу, студенттердин академиялык даярдыгы, билим алуу шарттары жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл медициналык билим берүү жаатындагы кызматташтыкка, чет өлкөлүк студенттерди колдоого жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга бурулду.
Тараптар өнөктөштүктү кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги биргелешкен демилгелер боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун алкагында конокторго Жалал-Абад эл аралык университетинин фирмалык төш белгилери тапшырылды.
Жолугушуу билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.