2026-жылдын 9-апрелинде Жалал-Абад эл аралык университетинин (ЖАЭУ) морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Арзыкулова Айнагүл Бакытбековна И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) өткөн «Илим күндөрү–2026» эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты.
Ал жүрөк-кан тамыр ооруларында кычкылдануу стрессинин жана эндотелий дисфункциясынын байланышы тууралуу баяндама жасап, жыйынтыгында катышуучу сертификатын жана III даражадагы дипломду алды.